www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович Президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.

Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Кадрдык курамды жашартуу мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамилелерди киргизүүгө, ар кыл тармактарда системдүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз түзүүгө өбөлгө болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости