www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев парламенттин жыйынында экс-президент Сооронбай Жээнбековго «Бүгүн сиз, Сооронбай Шарипович, Кыргызстанда Манас атанын ордуна Манассыз!» деп айткан эле.

Кечээ, 21-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Зарылбек Рысалиев президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. «Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиздин кичи мекениңиз – Ысык-Көл. Ысык-Көлдө кыргыздын түбүн түптөп кеткен атуул болгон. Кыргыздын «Басмайылдын жакшысын ээси билбей, ат билет, эр жигиттин мыктысын эли билбей, жат билет» деген сөзү бар. Жусуп Абдрахмановду айткым келет. Сиз Абдрахмановдой мыкты жигит болуңуз», – деди. 

Эске салсак, 2011-жылдын 3-ноябрында Жогорку Кеңештин жыйынын болуп жатканда депутат Садыр Жапаров министр Зарылбек Рысалиев 2011-жылдын 6-октябрында болуп өткөн митингдин уюштуруучусу менен сүйлөшкөндүгүн айтып, аудиозажуу бар экендигин кошумчалаган.

Буга жооп катары ошол кездеги министр Рысалиев Садыр Жапаровду криминалдар менен байланышы бар деп айыптаган.

“Мына Садыр Жапаров ким экенин билдирди. Эми айтсын “кызыл” же “кара” экендигин, мурун ал Рыспек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин жугундусун ичип жүргөн” ,-деп билдирген Рысалиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости