www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Москвада жолугушуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан эмес. Ал мындай жолугушууга эч кандай чакыруу да алган эмес.

«Жолугушуу болушу мүмкүн, анткени мындай жолугушуулар буга чейин болуп келген. Эгерде кездешүү өткөрүлсө, анда ал күн тартибинин мазмунунан көз каранды болот. Тилекке каршы, азыркы Армения өкмөтү менен болгон жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун келечеги өтө узак», — деди Алиев Япониянын «Nikkei» гезитине берген маегинде.  

Ошол эле учурда Алиев орус лидери Владимир Путинден Москвада Карабахтагы кырдаалды талкуулоого чакыруу албагандыгын айтты.  

Буга чейин Ильхам Алиев менен Никол Пашинян Тоолуу Карабах жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүгө Москвага келүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости