www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев өзүнүн социалдык баракчасында парламенттик шайлоону кийинкиге жылдырууга каршы экендигин билдирген.
Мунун себебин үч факторго бөлүп, көрсөткөн:
“Мен Жогорку Кенештин депутаттарынын шайлоосун 2021-жылдын июнь айына жылдырууга каршымын.
Биринчиден, Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык гана мөөнөткө шайлана турганы Конституциянын 70-беренесинде так жазылган.
Экинчиден, БШК тарабынан шайлоо күнү жарыяланган. Мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.
Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын конституциялык реформа жасоо үчүн моралдык укугу да, убакыт да жок. Конституциялык реформаны Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышы жасашы керек”.
Эскерте кетсек бүгүн Жогорку Кеңеште, учурдагы кырдаалга байланыштуу депутаттык шайлоону кийинки жылга жылдыруу сунушталган.
Булак: NazarNews.kg