www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” саясый партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин кабыл албай, артка кайтаруусу мыйзамсыз”.  Мындай пикирин саясатчы Феликс Кулов Фейсбук баракчасына жазды. 

“БШКнын “Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тарткан себеби – тизмени ыйгарым укуктуу өкүлүнөн башка адам алып келгени. Дароо айтып коёюн, мен “Кыргызстан” партиясын коргоюн деген оюм жок. Мени бул партиянын тагдыры таптакыр кызыктырбайт. Бирок, биздин Конституцияда жазылган, биз мыйзамга баш ийген өлкөбүз, БШК мыйзамга таянып чечим кабыл алышы керек.

Ал эми мыйзамда каттоодон баш тартууга негиз болуучу 7 себеп так жазылып турат. Бирок, алардын арасында “ыйгарым укуктуу өкүлүнөн башка адам алып келсе каттабай коюу керек” деген жери жок.    Ооба, шайлоо тууралуу мыйзамдын 61-беренесинде айтылат: “Документтерди БШКга ыйгарым укуктуу өкүл тапшырышы керек” деп. Бирок, “башка адам тапшырса, каттабай коюуга негиз болот” деп мыйзамда жазылган эмес. 

Бул албетте, эреже бузуу, бирок ал үчүн партияны каттабай коё тургандай эмес. Мына ошондуктан, БШКнын чечими мыйзамсыз жана жокко чыгарылышы керек” деп жазган саясатчы өз билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости