www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин  басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 12-август күнү  саат 23.30 чамасында Кадамжай районунун Марказ  айыл аймагынан белгисиз адамдар  жергиликтүү тургунду адамдар жок жерге алып барышып, сабашып, тапанча менен коркутушуп, акча талап кылышкан. Бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн. 

Андан сырткары ошол маалда  кылмышкерлер башка 26 жаштагы жергиликтүү тургунду тапанча менен коркутушуп, акча каражатын талап кылышып, сабашып, денесине жаракаттарды келтиришкен.  Андан соң, ошол эле күнү түнчүндө автоунаасын башкарып бара жаткан  26 жаштагы башка жергиликтүү тургунду токтотушуп, эч себепсиз сабап салышкан. Жогорудагы үч окуяда тең кылмышкерлер такталбаган ок атуучу куралды колдонушкан.

Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) менен Кадамжай РИИБнүн Кылмыштардын  жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлө баштаган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү такталып, кармалды. 

Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмыштарга шектүү катары  Жалал-Абад  облусунун Ноокен районунун тургундары   1989-жылы туулган Т.А., 1999-жылы туулган Т.А., 1989-жылы туулган Т.Ж. жана Баткен облусунун Кадамжай районунун 1994-жылы туулган М.М. кармалды. 

Соттун чечими менен  шектүүлөр    2 айга Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 99-беренесинин талаптарына ылайык Кызыл-Кыя ШИИБнүн  УКЖна киргизилди.
 Булак: NazarNews.kg

Последние новости