www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Феликс Кулов өзүнүн Фейсбук социалдык тармактагы баракчасына өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абалдын убактысын узартуу тууралуу маселе боюнча билдирүү жазыпчыкты.

Aнын билдирүүсү төмөндө орусчадан кыргызчага которулуп берилди:

"Мен борбор шаарга киргизилген өзгөчө абал режимин алып, өзгөчө кырдаалды апрель айынын аягына чейин сактоо туура деп эсептейм. Бул учурда коменданттык саат да токтоп, шаар ичиндеги посттордун саны азаят. Айрым ишканалар өз иштерин башташат. Бирок карантиндин 4 адамдан көп киши чогулууга, жумуш орундарын дезинфекциялап туруу, бет каптарды милдетүү түрдө тагынуу, дистанциялык окуу, мүмкүн болгон жерлерде үйдө отуруп иштөө, коомдук транспортторду дагы өз убагы менен дезинфекциядан өткөрүп туруу жана башка эрежелерин сактоо улантылат. Башкача айтканда, алтын ортолукту табуу керек. Бир четинен адамдын жашоо шартына жана экономиканын иштешине шарт түзүп берүү, экинчи жагынан карантиндин эрежелерин катуу сактоону камсыздоо. Бардык нерсеге тыюу салып коюуга көп деле акылдын кереги жок", - деп жазган Феликс Кулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости