www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун жаңы түрү - COVID-19 инфекциясы дүйнө жүзүнө жайылып, дүйнө жүзүн жымжырттыкка бөлөдү. Вирус өнүккөн өлкөлөрдө, эң ысык жерлеринде кеңири жайылууда. Өзгөчө имараттары жана көз жоосун алган бурчтары менен дүйнөлүк мегаполистердин арасында белгилүү болгон БАЭдеги Дубай шаары өзүнүн беделин жоготкон сыяктанат. National Geographic Дубайдын бош көчөлөрүнүн видеосун жарыялады. Бардык улуулук жана сулуулук бир гана адамдын катышуусу менен болот тура.

Жакынкы Чыгыштын соода, каржы жана туристтик борбору деп эсептелген шаар учурда карантин болуп жымжырттык өкүм сүрүүдө. Адам үчүн эң негизги маселе - бул анын өмүрү жана ден-соолугу ушул шаардын мисалында чагылдырылган. Күн сайын миңдеген туристтерди таң калтырган даңктуу Бурж Халифа бүгүн дагы жалгыз, коркунучтуу кино тасмасындай элес калтырат.

Учурда 4-апрелден баштап эки жума бою шаардын бардык жерлеринде карантиндик иш-чаралар күчөтүлдү. Жыш отурукташкан шаарда үй-бүлөнүн бир гана өкүлүнө (маска жана атайын кол кап менен) сыртка чыгууга уруксат берилет.

Дубайдын Пальма аралдары, Atlantis Resort Hotel, Burj Al Arab объекттери, Шейх Заид шоссеси, саякат күйөрмандарынын кыялы болгон бүгүнкү күндө суктанып карай турган абалда эмес. Бириккен Араб Эмираттары Кытай Эл Республикасы менен коронавируска каршы натыйжалуу чаралар боюнча кызматташууда. 11-апрелде эки лидер бири-бирине телефон чалып, пандемия жөнүндө пикир алышты. БАЭнин президенти Абдулла бин Заид Аль Нахаян кызматташууну жогору баалады жана Кытай өкмөтү тарабынан жиберилген медициналык буюмдар үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске сала кетсек, учурда БАЭде  4,123 жаран коронавирус оорусу менен катталган. Алардын ичинен 680 адам дарыланып, 22си көз жумган.

Баходир Ахмедов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg             

Последние новости