www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Эми биздин соттор Садыр Жапаровду премьер-министр кызматынан алышабы», - деп жазды саясатчы Феликс Кулов өзүнүн Facebook баракчасына.
«Акын Темирлан Ормуковдун доо арызы боюнча сот Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандат берүүнү мыйзамсыз деп тапты. Эгер мага туура маалымат берилген болсо, анын абалы Садыр Жапаровдун абалы менен бир аз окшош.
Жогорку сот Текебаевдин дагы, Жапаровдун дагы кылмыш иштерин кайрадан кароо үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Ал эми Жапаров соттун чечиминен кийин дароо премьер-министр, ал эми Текебаев депутат болду.
Эми биздин соттор Садыр Жапаровду премьер-министр кызматынан алышабы, алар ушунчалык көзкарандысызбы?», – деди Кулов.
Булак: NazarNews.kg