www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы жөнүдө маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Ысык-Көлдүн аксакалдарына кайрылды.
«Урматтуу Ысык-Көлдүн аксакалдары! Мен өзүм Ысык-Көлдүн жээни болом. Ысык-Көл кыргыздын бермети. Сөз касиетин барктаган эл. Тилекмат аке, Кыдыр аке, Мойт акелер эч убакта картайбаган акылдын кенчи. Ысык-Көл дүйнөгө ошол адамдар менен таанылган. Мен Ысык-Көлдүк Ишенбай Абдразаковдун окуучусумун, кол алдында иштегем. Атаганат, ошол адам тирүү болгондо мамлекет башчы болсун деп чыкмакмын. Көлдүн улуу интеллигенциясы Аманбаев, Чолпонбаев, Усуп Мукамбаев бирок Садыр Жапаров эмес. Ысык-Көлдүн аксакалдары айланайын, бул тентек балаңар элди укпай жатат. Балким силерди угаар. Чакырбайсыңарбы, көлгө алып кетпейсиңерби! 2 жыл губернатор болуп иштесин. Өссүн, өнүксүн. Анан келип өкмөт башчы болсун. Натыйжада даяр болуп келсин», - деди Иманалиев.
Булак: NazarNews.kg