www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош мэриясы жана шаардык милиция 8-мартта эркектердин аялдарга болгон зомбулугуна каршы акциясын өткөрүүгө тыюу салды . Бул тууралуу "Новый Ритм" коомдук бирикмесинин төрайымы Гулиза Абдыжапарова жергиликтүү булактардын бирине билдирди.
"Биз иш-чараны кеңсенин ичинде эле өткөрө турган болдук. Жылдагыдай көчөдө жөө жүрүш өтпөйт. Мэриядан жана шаардык милициядан тыюу салган билдирүү келди. Бирок анда Өкмөттүн токтому жөнүндө бир гана сүйлөм бар экен", - деди Абдыжапарова.
Жергиликтүү бийлик тынчтык маршына тыюу салынганын коронавирустун жайылуусун алдын алуу менен түшүндүргөн. 4-мартта республикалык штаб өлкө боюнча массалык иш-чараларга чектөө киргизген.
Белгилей кетсек, 8-март күнү "Новый Ритмдин" кеңсесинде аялдардын эл аралык күнү тууралуу талкуу уюштурулуп, юридикалык жана психологиялык кеңештер берилет. Мындан тышкары үй-бүлөлүк зомбулук боюнча флэш-моб өтөт.
"Новый Ритм" коомдук уюму 2014-жылы негизделген. Уюм тең укуктуулукка, аялдардын укугунун сакталышына, гендердик теңчиликке арналган иш-чараларды өткөрүп келет. Алардын ичинде 2017-жылдан бери жыл сайын 8-март - аялдардын Эл аралык тилектештик күнү жүрүш өтөт.
Эске сала кетсек, 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкектин борборунда митинг жана тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салган.
Булак: NazarNews.kg