www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бизде бир жерди жеке менчигиндей басып алып, атасынан калган мурасча ондогон жылдар бою башкарган жетекчилерибиз жок эмес. Мындай катмарга Айдаркендеги «Сымап» комбинатынын жетекчиси Толубай Салиевди кошсок болот. Бул эргул тууралуу узун сабак, күбүр-шыбыр кептердин аликүнчө аягы тыяла элек. Башкасын айтпаганда дагы, ал жердеги бүксүп кеткен коррупциялык иштер, «түшпөс хандын» образындай болуп бир топ жылдан бери бир жерди башкарып келе жатканы боюнча күмөндүү фактылар айтылса дагы, Толубай Салиев былк этпей ээрде отурганы бизге кызык.Тиешелүү жетекчилик артынан шектүү сөз ээрчиген Салиевге окшогон жетекчини неге текшерүүгө алышпайт? Демейде, кызарган жерди «кылт этсе» баса калган күч органдары Салиевдин артынан мындай сөздөр ээрчисе да үн катпай жатканы неси? Же мындай неме алкымы жаман укук коргоо органдарынын да «тамагын майлап» койгонбу? Биз да бул жааттагы өздүк иликтөөлөрүбүздү улантып, коомчулукка Салиевдин бет пардасын ачып бербесек болбой калды.
Булак: "De-facto"