www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү аттуу-баштуу илимпоздор коронавирус боюнча ар кандай пикирлерди айтып чыгышууда. Алардын бири Карацуба Сеид-Бурхан Таня Константиновна, Россиядагы “Президент. Парламент. Правителство” саясий-укуктук журналынын башкы редактору, психология илимдеринин кандидаты, РФнын улуттук коопсуздук кызматынын адиси. Метафизикалык бийлик боюнча  адис, Коопсуздук, мыйзам жана тартип Академиясынын академиги, 4 баланын энеси.

Таня Константиновнанын  коронавирус боюнча макаласы NazarNews.kg тарабынан кыргызчаланып, өзгөртүүсүз окурмандарга сунушталды:

"Албетте, достор, азыр биз коронавирус-дүйнөлүк масштабдагы фейк экендигин билебиз. Бирок бардык белгиленген иш-чаралар коронавирустун айынан токтотулуп, эрксизден ушул илдет менен байланыштырып жатса, муну билгенден адамдарга эмне пайда? Ал тургай ири мамлекеттер, эч кимден көз карандысыз болгон, туруктуу өлкөлөр дагы мамлекеттердин экономикасын кыйратуучу, ойдон чыккан коронавируска баш ийүүгө мажбур болуп жатышат. Эмне үчүн мамлекеттер алардын экономикасын талкалап жатса да унчугушпайт?

 Бир гана түркмөнбашы өз өлкөсүнө коронавирусту киргизбешин айткан болчу. Ошондо да алысты көрө албагандар анын сөзүнө күлүшүп, “түркмөнбашы кантип өз өлкөсүнө киргизбейт”,-дешкен эле. Ал жөн гана мээнин пандемиясын жуктурбашын жана өз өлкөсүндө коронавирустун башкаруусуна жол бербешин айткан. Ал эми бизге коронавирусту таңуулап жатышат.

--Тиги, тиги суурду көрүп жатасыңбы?

--Жок.

--Тигиничи?

--Ооба, көрдүм. Дүйнөлүк масштабдагы коронавирус дагы ушундай.

Мен ушул темада тасма даярдадым. Тасмада вирус жоктугун жана Уханда энергиялык толкун жана генетикалык курал экендигин түшүндүрдүм. Бүттү, вирус жок. Толкунду таратышты, албетте, адамдар каза болушту. Сиз Уханда коронавирус жок дебешиңиз үчүн адамдар өлүштү. Бирок коронавистун шылтоосу менен 5 G системасынын негизинде бардык жерге мунара курушту. Анын натыйжасында кайсы бир өлкөнүн өкмөтү иш-чараны токтотушпаса, ошол жердин мунарасындагы Уханда жайылган Азия кодундагы коронавирус эмес, европалык коддогу коронавирус коё берилет.

Ар бир европалык ген тобуна белгилүү бир толкун коё берилип, биздин цивилизацияны башкаргысы келгендерге сокку урулуп, кимдин, канча жашашы керектигин аныктап, калкты сорттойт. Мына биз дүйнөдө калктын санын, ким, канча жашай тургандыгын белгилей турган, экономикалык, техникалык, интеллектуалдык ушундай бийик деңгээлге, цивилизацияны башкаруучу доорго жеттик.

Европанын башка өлкөлөрү сыяктуу Швейцария да мындай ажиотажга баш ийген эмес. Бирок быйыл Швейцария жыл сайын март айында өткөрүлүүчү, ири суммадагы каражаттарды алып келүүчү автосалондун иш-чарасын токтотту. Мунун баары дүйнөлүк оюндун эрежеси менен ойнолушу керектигин билдирди.

Түркмөнстанды билбейм, балким, бул өлкө жабык болуп, туристтер аз барган мамлекет болгондугу үчүн  мүмкүндүк беришет чыгар. Бирок мени таң калтырганы мындай провокацияга Бириккен Араб Эмирлигинин алдырып койгондугу, бул басымга баш ийгени жана үндөбөгөндүгү болду. Эми БАЭнин окуучулары 4 жума үйдө отурушат, мектепке барышпайт. Эми бул кырдаал окуучулардын иштеген ата-энесине “баш ооруну” жаратат.

Ал эми Швейцарияда азырынча окуучулар мектепке барышууда. Демек, коронавирус жок, достор. Бул тууралуу Москва шаарынын терапевттер илимий коомунун төрагасы, академик, профессор Павел Воробьёв да өз пикирин билдирип, эч кандай коронавирус жоктугун айткан эле.

"Далил керекпи? Анда көңүл буруңуз. Япониянын Иокогама аймагынын жанында круиздик лайнер карантинде эки апта турду.

Ал жерде коронавирус жуктурган киши бар болгондуктан, портко түшүүгө тыюу салынып, андан 600 киши оору жуктургандыгы маалым болду. Кемеден 80 жаштагы адамдардын экөөсү каза болгондугу айтылды. Бирок 80 жаштагы кишилер коронавирустан  башка ар кайсы вирустардан каза болуп калышы мүмкүн. Биз алар буга чейин кандай оору менен ооруганын билбейбиз да. Ал эми башкалар ооруну жеңил көтөрүштү, эгер оору ушунчалык оор болсо, башкалар бул убакыттын ичинде “күйүп” кетмек. Мына силерге пандемия, эпидемия жөнүндө даана мисал”,-деп белгилеген профессор.

Воробьёвдун айтымында коронавирустан жабыркагандарды эч нерсе менен дарылып болбойт. Анткени башка курч респиратордук ооруларды дарылоонун атайын дарысы жок, буга гриппти да кошууга болот.

“ВИЧ-инфекциясын дарылоодо колдонгон дарыларды коронавирусту айыктырууга аракеттер көрүлүп жатат. Бирок бул аракеттер жыйынтыксыз. Себеби жакында кытайлар бейтаптарга айыккан кишинин кан плазмасын куюшкан. Бирок бул  канчалык жыйынтык бергендиги боюнча так  маалыматтар азырга чейин жок. Бул өтө кооптуу тажрыйба. Плазмаферез-канды алып, тазалап, башка бирөөгө донор катары колдонуу ыкмасы өтө оор ооруларды дарылоодо пайдаланылып келинген. Ушундай ыкма Африкадагы Эбола илдетин дарылоодо дагы иштетилген.

Грипптен, инфаркттан, инсульттан, жүрөк кемтигинен, өпкөнүн сезгенип кетишинин курчуп кеткенинен каза болгон кишилердин организми ооруну ар кандай кабыл алып, каза болушу сыяктуу коронавирусту да организм ар түрдүү кабылдайт.

Вирустук инфекция ушундай учурда ар кандай оорулардын өтүшүп кетишине алып келет. Ошондуктан эпидемия учурунда кары-картаңдар көп каза табышат. Оор ооруларды жуктурган кишилерде илдеттин бир нече түрү кошулуп отуруп, инфекциялар организмде көбөйүп, сапатсыз медициналык жардам адамдын өлүмүнө алып келет. Адамдардын бардыгын чогуу  кармашып, сакайып кете ала тургандарга да кайра оору жуккандыктан алар каза болушкан. Ансыз деле көбү көз жумушмак. Анын үстүнө вирустун штаммын (түзүлүшүн) кытайлар жашырышууда”,- дейт шек санаган Воробьёв.

Россиялык белгилүү доктор-инфекционнист Владимир Никифоров Пекинге барып, "Кытайлар тирүү вирустун генин көрсөтпөй, кагаздагы түзүлүшүн гана көрсөтүшкөн. Тирүүсүн эмне үчүн жашырышууда? Мүмкүн кытайлар мунун жөн эле ойлоп таап жатышкандыр”,-дейт доктор. Мына мен айткан генома жөнүндө айтып жатат. Ген-бул курал.

Воробьёв Кытайда эмне себептен карантин жана изоляция боюнча мынчалык катуу чара колдонуп жаткандыгына таң калгандыгын жашырган эмес.

"Адамдар өз батирлеринен чыгарылбай, дүкөнгө үч күндө бир жолу чыгууга уруксат берилген. Кварталдан кварталга барганга тыюу салынып, ар бир кадам смартфондун жардамы менен тыгыз текшерилүүдө. Мунун баары логикага сыйбай турган көрүнүш. Ыктыярчылар атайын формада иштешип, тынбай дезинфекциялашууда. Алар ак форманы бири-бирин кокусунан өлтүрүп албаш үчүн кийишкен. Ыктыярчылар делген бул адистер атайын кызматтын кызматкерлери.

Ошону менен бирге кытайлар стадиондогу госпиталды көрсөтүшүп, анда эч кандай изоляция жоктугун, 20 киши бир уячада жаткандыгын байкоого болот. Мындай шарт вирус үчүн бейиш. Анткени оорукананын ичиндеги инфекция бейтаптардын башка оорусуна кошулуп отуруп, көп киши каза болушуна ыңгайлуу. Жалпысынан картинка фантастикалык сүрөттөлүшкө же акыр заман жөнүндөгү коркунучтуу тасмаларга окшоп кетет. Баары эле бул оюн дүйнөлүк масштабдагы фейк экендигин билип турушат. Эмне себептен экендиги азарынча белгисиз”,-дейт серепчи.

Мындан сырткары Воробьёв экономисттердин "эпидемия экономикалык кризисти жаап, жашыруу үчүн керек болгон" деген пикири бар экендигин айтты.

Ал эми башкалар вирус кризис менен каршы күрөшүүгө багытталган десе, айрымдар кризисти пайда кылуу үчүн жаратылгандыгын  айтышууда. Бирок ири экономикалык жана саясий кырдаалдарга (Кытайдын ичиндеги жана сыртындагы) караганда вирустун тарашы кокустукка окшобойт.

Мүмкүн рынокту кайра бөлүштүрүп жатышкан окшойт. 2000-жылдардын башында ири мүйүздүү малдардын энцефалопатиясы (мээ кыртышынын жабыркашы) же “уйлардын жиндилиги” илдетин чыгарышып, калк жана фермелер ири мүйүздүү малдарын жок кылышкан. Анын натыйжасында Сорос чоң көлөмдөгү каражат тапкан. Россияда дагы ушул сыяктуу окуя чочколордун африка чумасы менен байланыштуу болуп өткөн. Коронавирус дагы ушундай болушу ыктымал. Мындай кырдалга эмне түрткү болгондугу азырынча анык эмес. Анын себеби бир канча жылдар өткөндөн кийин гана билиниши ыктымал.

Мисалы, мындай учур типтүү эмес пневмония окуясы менен дагы катталган. Кийин гана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эпидемия жалгандыгын айтып чыгып, уюмдун жетекчиси кызматынан бошотулган эле. Бул окуянын максаты адамдарды коркутуу болуп жаткан чыгаар. Бул “коомду медикализациялаштыруу” деп аталат. Булар көбүнчө инфекция менен адамдарды коркутушуп, аларды дары-дармек, бет кап жана дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алууга мажбур кылат. Эми элестетсеңиздер, бет каптан эле канча каражат чогулат?! Башкалар кандайдыр бир иш-чараларды иштеп чыкса, айрымдар же болбосо көпчүлүгү акчаны “курмандыкка чалуу” менен убара. Дүйнө жүзүндөгү адамдарга бул маселенин түз болбосо да, кыйыр түрдө тиешеси болуп, алар мындан бай дагы боло  албайт жана ден соолугун да чыңдай албайт.

Бирок Швейцария, БАЭ эмне үчүн коронавирустун "ырын" ырдап жатат? Швейцариядагы автосалон иш-чарасын өткөрүлбөгөнү бул- экономикалык жеңилүү. Бирок ал өлкөдөгү мектептердин жабылбагандыгы мамлекет вирусту тараткандарга жеңилүүнү каалабай жаткандыгын билдирет.

Коронавирусту дүйнө жүзүндө кимдир бирөө жайылтып жатат жана бул бирөөгө пайда алып келет. Коронавирус кандайдыр бир кутуруучу вирус экени анык. Ал  башында “коронасы” бар вирус көрүнүшүндөгү шизофрениянын таскак салып жүрүшү. Вирус жок, “корона” дагы барбы же жокпу белгисиз. Бирок биз дүйнөнү алогикалык ой жүгүрткөндөр башкарып жаткандыгын жана коронавирус алардын башында бар экендигин билишибиз керек",-дейт белгилүү адис Таня Константиновна.

Картинки по запросу "таня константиновна сеид бурхан"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости