www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Дастан Артиcбекович, кадыры калбады дегенди кандай түшүнөсүз? Ат бир мүдүрүлгөн жерин кайра баcпайт. Сиз тилиңизден чалына бергенди өнөр көрөсүзбү? Же болгон деңгээлиңиз ушулбу? Тилиңиз келбесе, жок дегенде кайра-кайра кайталап, тилиңизди жатыктырып, жаттап алганга да чамаңыз келбейби? Мамлекеттин эң жогорку кызматын аркалаган экинин бири экениңизди качан түшүнөсүз? Деги Жогорку Кеңештин төрагалыгына өзүңүздү татыктуумун деп эсептейсизби? Качанкыга чейин шылдың, шерменде боло бересиз? Тилекке каршы, өзүңүздү эле эмес, мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрүп жатканыңызды сезесизби? Элдин бийликке болгон ишенимин тебелеп, жокко чыгарып жатканыңыз үчүн уяласызбы? Уят-сыйыт тууралуу түшүнүк сизде жашайбы? Эң кур дегенде, түз эфирде эл алдында 10 сүйлөм жат жазуу жазып, өзүңүздүн сабаттуу экениңизди далилдөөгө кудуретиңиз жетеби? Жетпесе, Жогорку Кеңештин төрагалыгына татыксызмын, кенедей жармашып жатып шермендем чыкты, болду жетишет деп кызматыңызды тапшырып бере аласызбы? Ак же көк деп жооп берип коюңуз?
Алмаз Темирбек уулу
Булак: "Ачык саясат"