www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңилбес америкалык боксчу Флойд Мейвезер UBC жылдыздары Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгренор менен 600 млн долларга мушташка чыгууга даяыр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.

“Биз социалдык тармактарда айткандай эле, азыр эки ысым бар. Биз Конор макрегордун мушташы жана Хабибдин мушташы тууралуу сөз кылганбыз. Мен үчүн бул 600 млн доллар. Эгер мен ал жакка барып, тобокелге салганым ошого татыктуу болуш керек. Мурункусунда биз 250дөн 300 долларга көтөрүлгөнбүз. Бул жылы бул санды ашып өтөбүз деген үмүмтүм бар. Ал эми, 2017-жылы Макрегор менен болгон мушташ бизнес-кадам болчу.

Азыркы учурда бокс дүйнөсүндө катардагы мушкер менен мушташуу мен үчүн мааниси деле жок. Мен-ишкермин. Конор Макрегор менен болгон мушташтын мааниси бар болчу. Эгер бул акча алып келсе, маанилүү болот. Мен аркасында жөн гана шаарлар турган спортчулар менен мушташпайм. Эгер мен сен менен мушташкан жатсам, сенин аркаңда бүткүл өлкө туруш керек. Биринчи мушташ жөн гана эрмек болчу. Бул эрмектердин индустриясы”,-деп ЖМКлар 43 жаштагы Мейвезердин сөзүн жарыялашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости