www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровго боштондук сурагандардын митинги борбордук аянтта болуп өттү. Митинг учурунда Кыргызстандын аймактарынан келген жарандар. Садыр Жапаровдун күйөрмандары биртоп «жалындуу» сөздөрдү айтып турушту. Арасында козуткуч провокаторлор бар белем, эл өкүлдөрүнүн чучугуна тие турган сөздөрдү жаадырышып, алтургай жакын жерде турган Ак үйдүн дарбазасына жете барышып, ал жерден жумуштан чыгып жаткан катардагы кызматкер кыздарды жакалаганга чейин барышты. Аларды күүгүм кезде укук коргоо кызматкерлери «тартипке чакырышып», аянттан кубалаганга жетишти. Митингдин башында турган Каныбек Осмоналиев менен Садыр Жапаровдун иниси Сабыр укук коргоо кызматкерлеринин кылтагына илинди. Бирок, УКМК кызматкерлери Сабырды коё беришкен. Ал эми митингди уюштурган Каныбек Осмоналиевдин айыбы бир топ окшойт, убактылуу кармоочу жайдан кайра чыгарышкан жок. Ал эми жаш кызматкер кыздарды койгулаган аялдар издөөгө алынды. Каныбек Осмоналиев абакка кириптер болгондун эртеси Феликс Кулов жылкы теппей? жылан чакпай туруп эле ал кишинин «Ар-Намыс» партиясынын катарынан чыгарылгандыгын жар салды. Куловдун карманган жүйөсү Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровго «медвежий услуга» көрсөткөндүгү болгон. Алтургай партиялаштары менен кеңешпей туруп Садыр Жапаровго боштондук сураган митингди жетектеген. Ал кармалган учурда партиядан чыгаруу процедурасын Осмоналиевди чакырып, бетме-бет маектешкенден соң ишке ашыргылары келишиптир. Бирок, Осмоналиев убактылуу абакта «кармалып» калгандыгына байланыштуу муну ансыз деле чечкилери келишкен го. Бир кездеги «темир генералдын» бул жасаганына коомчулук таң калып турат. Феликс Шаршенбаевич өзү кимге «услуга» көрсөтүп жатат? Же Каныбек Осмоналиев буга чейин эле ар-намысчыларга жакпай калган беле? Шайлоонун шайтан оюндары азыртадан башталдыбы? Дегинкиси Каныбек Осмоналиев несинен жазды экен? Камакка кириптер болуп башына бир «таш» тийсе, партиянын катарынан чийилип, башы менен экинчи «ташты» тосуп олтурат.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости