www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фетхуллах Гүлен уюмунун (ФЕТӨ) сайтындагы маалыматка караганда, анын лидери ооруканада. Бул тууралуу haber7 жазды.
Herkul.org сайтындагы Herkul_Nagme аккаунтунан жасалган билдирүүдө Фетхуллах Гүлендин ооруканада экени тастыкталды.
Буга чейин Гүлен диабеттик комага түшүп, дарыгерлер аны 24 саат, анан 48 саат уктатууну чечишкени айтылган.
Фетхуллах Гүлен Түркияда Режеп Тайып Эрдогандан кийинки эң таасирдүү адам деп эсептелет. Ал Кошмо Штаттарда өз алдынча сүргүндө обочолонгон жашоо өткөрөт.
2016-жылдын 16-июлунда көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылыктар Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, 2 миңден ашык адам жаракат алган.
Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Ал эми диний аалым өзү көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан.
АКШда жашап жаткан Гүленди кайтарып берүү боюнча Түркиянын талабын Америка аткара элек.
1999-жылы АКШга дарыланууга кеткен Гүлен Түркияга кайтып келген эмес.
Булак: NazarNews.kg