www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Популизмди жакшы көргөн жана Facebookта кошоматчыларды жалдаган билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев азыркы учурда «чемоданное настроение» болуп жатат. Көрсө, ал жигит Париждеги ЮНЕСКОнун башкы директорлугуна жете албай, эми Садыр Жапаровду коркутуп, Женевага элчиликти сурап жатыптыр. Эмне менен коркутканын билбейбиз. Бул жаш бала өзү түздөн-түз Түркия мамлекетинде террорист уюм катары эсептелген ФЕТО кыймылынын Кыргызстандагы активдүү мүчөлөрүнүн бири экени айтылууда. Өзүнүн «диссертациялары» да ошол Феттуллах Гүлендин жашоосун изилдөөгө арналган.

Акыркы кезге чейин да ал чалга тийиштүү изилдөө уюмдарында иштеп келгенин эске алышыбыз керек. Эми бул жигит Бишкекте отуруп алып, эл аралык саясатты өз кызыкчылыгында (ЮНЕСКОго талапкерлигин көрсөтүп) жүргүзүп келгенин билебиз.

Эгер элчиликти жетектеп кала турган болсо, мамлекеттик сырды айтпай эле коёлу, дипломатиялык иммунитети менен Швейцарияда мекенибиздин эмес, сырткы уюмдардын кызыкчылыктарын жактап кирсе кантебиз? Эмесе, жети өлчөп, бир кесе турган учур келди...

Булак: Азия News гезити

Последние новости