www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Филиппиндердин борбор шаары Маниланын көңүл ачуу аймагында ичинде соода борбору жана кумаркана да болгон бир мейманканага жасалган куралдуу кол салуудан улам чыккан өрттө 30дан ашуун киши каза болду. Ондогон киши да жараланган кол салуу куралдуу бир кишинин мейманкананын үстүңкү кабаттарында ок атуусу менен чыкты.
Борбору Америка болгон террордук уюмдардын интернеттен бөлүшүүлөрүн иликтеген сервис ДЕАШ менен байланышы болгон бир уюмдун кол салууну моюнга алгандыгын жарыялады. Филиппиндик жетекчилер болсо окуяга террордук кол салуу катары карашпагандарын билдирди. Кол салуучунун кумаркананын буюмдарын уурдагандыгы жана столдорду өрттөгөндүгү бирок мейманканадагы конокторго ок атпагандыгы белгиленди.
Мейманкананы бошоткон коопсуздук топтору текшерүүнү колго алды. Аты аталбаган кол салуучунун да өрттөнүп каза болгондугу билдирилди.
Булак: "trt.net.tr"