www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британдык жана америкалык окумуштуулар качан жасалма интеллект адам акыл-эсинин мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып кете турган мөөнөтүнө баа беришти. Бул изилдөө тууралуу New Scientist маалымдады. Ошентип окумуштуулардын пикири боюнча, жасалма интеллект адамдын мүмкүнчүлүктөрүн - котормо боюнча - 2024-жылга чейин, мектепти аяктагандан кийин эссе жазууда – 2026-жылга чейин, жүк ташыган машинелердин айдоочуларын алмаштырганы – 2027-жылга чейин ашып кетет экен. Дүкөнчүлөр кесиби 2031-жылы жоюлат, хирургдар 2053-жылга чейин кереги жок болуп калат, дейт окумуштуулар.

Изилдөөлөрдүн авторлору эсептеп чыккандай, жасалма интеллект 50% болжол менен адамды 45 жылдан кийин алмаштырып калат, ал эми 120 жылдан кийин мүмкүн болгон бардык жумушчу орундарда жалаң компьютерди пайдаланып калышат. Окумуштуулардын изилдөөсү жасалма интеллект тармагындагы 352 дүйнөлүк эксперттерди глобалдуу сурамжылоосуна негизделет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости