www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Twitter баракчасына Финляндия расмий түрдө НАТОго мүчө болгонун жазды. Ал өлкөнү альянстын 31-мүчөсү болушу менен куттуктады.
«Учурда альянста 31 мамлекет бар. Күчтүү өнөктөштөр Польшанын, аймактын жана бүткүл дүйнөнүн коопсуздугунун кепилдиги», - деди Моравецки.
3-апрелде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Финляндия 4-апрелден тарта альянска кошуларын ырастаган.
Финляндия Швеция менен бирге 2022-жылдын май айында НАТОго кирүүгө арыз берген. Түркия алардын альянска кошулуусуна каршы болгон, бирок 1-апрелде президент Режеп Тайып Эрдоган Финляндиянын арызын ратификациялоону жактырган. Швециянын НАТОго кирүүсү Стокгольмдо өткөн Курандын көчүрмөсүн өрттөп жиберүү кампаниясынан кийин татаалдашкан.
Булак: NazarNews.kg