www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финляндия сентябрга чейин НАТОго кире албайт

 Түркия менен жолугушууда эч кандай жылыш болгон жок жана балким сентябрга чейин Финляндия НАТОго кире албайт. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Саули Ниинистё Хельсинкиде Европарламенттин (ЕП) башчысы Роберта Метсола менен болгон пресс-конференциясында билдирди.

Финляндия жана Швециянын Түркия менен жолугушуусу 20-июнда НАТОнун штабквартирасында өттү. Ниинистёнун айтымында, жолугушууларда жакшы жылыш болгон жок.

«Бирок биз талкуу башталганына ыраазыбыз. Мен так даталарды айткым келбейт, бирок сентябрга чейин муну жасай алышыбыз күмөн», - деди ал. 8-июнда Анкара Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө коюлган ветону алып салуу боюнча 10 шарт сунуштаган.

Алардын бири Күрдистан жумушчу партиясы, ислам үгүтчүсү Фетхуллах Гүлендин уюмдары жана алардын филиалдары баш болгон террордук уюмдарга каршы күрөштө Түркияга колдоо көрсөтүү сунушу болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости