www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу журналисттерге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан катталган, Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзөт.

Эске салсак, ушул жылдын май айынын башында Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиевди мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө мыйзамсыз байып кетти деп айыптаган. Депутат Руслан Казакбаев парламент жыйынында “Чоң Казат” кыймылынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө маселе көтөрүп, УКМКнын төрагасы Опумбаевге кайрылды. Мындан тышкары, Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн.

Бирок Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги экспертиза жүргүзүп, анын сөздөрүнөн зомбулукка жана массалык иш-аракеттерге чакырык тапкан. Натыйжада Жапыкеев 10 миң сом айып пул төлөөгө аргасыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости