www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү бажы кызматынын приоритеттүү тапшырмасы болуп саналат. Ошондуктан, бүгүн 2020-жылдын 20-октябрында КРӨ караштуу МБКнын төрагасы кызматында биринчи жумушчу күнүн Семетеев Кадыржан Эргешович бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуудан баштады.

COVID-19 пандемиясынын кесепетинен ЕАЭБдин тышкы чек араларынын жабылышы бажы түшүүлөрүнүн динамикасына жана бизнес чөйрөсүнүн ишмердигине терс таасирин тийгизди. Буга байланыштуу учурда бажы кызматынын алгачкы тапшырмаларынын бири тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн шарттарды жакшыртуу болуп саналат деп белгиледи ведомствонун башчысы.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнестин өкүлдөрү өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин айтышты жана аларга толук жооп алышты. Жолугушуунун жыйынтыгында КРӨ караштуу МБКнын төрагасы К.Семетеев тиешелүү бөлүнүштөргө бир катар тапшырмаларды берип, кыска мөөнөттүн ичинде бизнес чөйрөсүндөгү болгон көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды. ТЭИ катышуучулары менен тыгыз байланышта кызматташуу бажы кызматынын натыйжалуу жана ачык иштөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк бере тургандыгын баса белгиледи.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости