www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) төрагасы Бакир Таиров Коопсуздук кеңешинин жыйынында пандемияга байланышкан беш кылмыш иши каралып жаткандыгы туурасында билдирүү жасады.

"Пандемия мезгилинде медициналык мекемелердин калкка жардам көрсөтүүгө даярдыгын камсыз кылуу, зарыл медициналык буюмдарды жана дары- дармектерди сатып алуу боюнча шашылыш чараларды көрбөгөндүктөн, учурда саламаттык сактоо уюмдарына шалаакылык жана коррупция беренелери боюнча беш кылмыш иши тергелип жатат", - деп айтылган маалыматта.

Белгилей кетсек, финпол 2018-жылдан тартып кызматтык жана коррупциялык көрүнүштөгү мыйзам бузуулар, башкача айтканда, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу, коррупциялык схемаларды түзүү боюнча 2981 фактыны аныктаган.

Ал эми мунун негизинде мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 1 млрд. 200 млн. сомду түзгөн. Учурда анын ичинен 585 млн. 400 миң сом мамлекетке кайтарылып алынган.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости