www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Космосбек Чолпонбаевду Биринчи май райондук соту №1 тергөө абагына киргизүү боюнча чечим чыгарды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматын маалымдады.

Маалыматта Чолпонбаев 15-ноябрга чейин тергөө абагында болору айтылды.

"Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Космосбек Чолпонбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат. Ал — мамлекеттик бюджетке 65 миллион сом зыян келтирген кеп-кеңеш бере турган кызмат көрсөтүү болгон. Көзөмөл органынын сунушу менен Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, Бишкек шаарындагы тергөө абагына эки айга киргизүүнү чечти", - деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, 15-сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Чолпонбаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган. Ушул жана шалаакылык беренеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилик кызматтагы өкүлдөрү дагы шектелип жатат.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости