www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Электр тармагын тейлеген биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков жыйындарда былтыйып отуруп бергенден башканы билбей калды. Токтогул суу сактагычыны көлөмү 19 млрд/кубдан 17 млрд/кубга түштү. Июндан тарта Үч-Коргон суу сактагычы аркылуу Казакстандын сугаты үчүн суу койо берилди. Июнь-августта Кыргызстан Казакстанга 300 млн кВт саат электр энергиясын жана 330 млн куб суу берди. Албетте, мунун кайтарымы күзүндө болмок. Кыргызстан менен Казакстандын тиешелүү тараптары кол коюшкан электр энергиясын алмашуу боюнча келишимдин токтомуна ылайык Кыргызстан Казакстанга электр энергиясын 0,0000001 (болжол менен 0, 001 тыйын) доллардан сатып, ал эми Казакстандан 21 тыйындан сатып алат.
Мурунку электр боюнча алакага карайлы, 2018-жылы Казакстанга 6 сом 76 тыйындан, Өзбекстанга 1 сом 47 тыйындан сатылыптыр. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 20-ноябрында «Электрэнергиясынын 2014-2017-жылдардагы тарифи жөнүндө» № 660 Токтомго кол койот. Бул Токтомдун негизинде Жылуулук –энергетика комплексинде Мамлекеттик агентчилик (ГАРТЭК) түзүлөт. Казакстандан 1 квт/ саат электрэнергияны 5 сом 61 тыйындан импорттоп алып жатабыз дешип, электрге болгон тарифти көтөрүшүп, 700 квт/ сааттан өткөн ар бир квт/ саат электрэнергиясынын наркын 300 пайызка көтөрөт, электрэнергиянын баасы 2 сом 16 тыйын болуп калат.Ушунун айынан 2014-2015-жылы гана калк 2 млрд. 200 млн сом ашыкча акча төлөшкөн, андан кийинки жылдарды эсептебей эле койолу. 2016-жылдын январынан баштап Казакстандан 1 квт/саат да электрэнергияны алышкан эмес, бирок электрэнергияга болгон баа төмөндөгөн эмес.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg