www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суук болот! 18-сентябрга карата аба ырайы

Жума күнү, 18-сентябрда, күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу өрөөндөрдө жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас жергесинде +11…+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл менен Нарында +12...+17 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында да мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борборубузда +17...+19, Ошто +21...+23 градусту көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости