www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда экс-министр Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасы каралып жатат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда сот Чолпонбаевдин бөгөт чарасын карап жатат.

Эске салсак, экс-министр Космосбек Чолпонбаев кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен 15-сентябрда кармалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шек санап, кылмыш ишин козгогон.

Финполдун Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-министр Чолпонбаевди 6-июлда суракка чакырган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган.

Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.

Белгилүү болгондой, Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. 2020-жылдын 1-апрелинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости