www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токол алам деп талаада калдым...

Ооруп калып, 15 күн дарыландым. Жанымда орто жаштагы салабаттуу байке жатат. Экөөбүз таанышып, бош жатпай ар кайсыны айтып убакыт өткөрөбүз. Байке мурда чоӊ кызматтарда иштегени көрүнүп турат. Достору, туугандары укмуш пакет жасап келишет. Бирок эмнегедир жубайын көрө албадым. Анан акырын сурадым, сизге ушунча көп адам келет, негедир жубайыңызды көрбөй жатам дедим. Байке, бир чекитти көпкө карап туруп жооп берди.

Ээ иним, эркекти бар көптүрөт деген чын экен. 5 баламды каратып туруп кантип кеттим деп, эми эсиме келип, ойлонуп жатам. Жубайым бар жаркылдаган. Өзүм юристмин, тапканым жакшы, бат бутка турдум. Биз жаш үйлөндүк, ал 17де, мен 20да болчумун. Бешинчи балам туулганда кутуруп баштадым. Үйүм үч кабат, меникиндей машина шаарда беш-алты эле адамда бар. Байлыкка чиренип өзүмдөн 20 жаш кичүү кыз менен жашап алдым. Балдарга барып турам. Ал кызга үй алып бердим, машина сатып бердим, көзүн карап турам. Аялым байкуш күйбөгөн жери күл болуп, апама ыйлап барса, апам өзүң күнөөлүүсүң деп урушуп салыптыр.

5 баланы кароо деле оңой эмес да, мектепке жиберип, бакчага жеткирип үй иштерин жасап баарына жетишет. Кичүү балам азыр 5ке чыкты, бая күнү көчөдөн кокусунан көрүп калдым, аялым жапжаш, супсулуу болуп кетиптир, арыктап өзүнө аябай караганы билинип турду. Кудум мага биринчи жолуккан кездегидей. Жанымда жаш токолум бар эле, аны карасам колунда тамеки, ичкени вино, кебетеси күндөн күнгө көп ичкенге бузулуп баратат. Кечинде достору менен азыр келем деп клубга көп кете баштады.

Бир күнү жалгыз калдым, жаш аялым жок, түнкү саат эки. Менде уйку жок. Бир кезде мас болуп келди. Жаш жигит жеткирип койду. Аялым сыяктуу элестеп кайда жүрөсүң деп катуу айтсам, акырын сүйлө, мен сага аялың эмесмин сенин кыйкырыгыңды угуп, сабаганыңа чыдагандай, кааласаң кете бер сени кармап турган мен эмес деди.

Ошондо бирөө балта менен башка чапкандай болду. Өзүм юрист болсом да марттык кылып үй-жайды токолума каттаткан элем, баары калды. Биринчи аялым да үй-мүлктү өзүнө өткөрүп алган. Андан кетип жатканда өзүм өткөрүп бергем. Токол алам деп талаада калдым. Азыр кичине сыркоолоп жатам, бул жактан чыкканда үй-бүлөмө барам го деп байке улутунуп алды.

Мен да көпкө ойлондум, эркектер негизи мышыктай эле болобуз, жылуу жер көрсөк кире калган. Аялымды аяп кеттим, күндө мага тамак алып келип, абалымды сурап турат. Кээде мен деле эркектик кылып какыс-кукус , чарт-чурт боло калмай жайым бар. Ооруканадан чыксам, жакшы көйнөк сатып берип, көңүлүн алып койсом…

Булак: Багыт гезити

 

Последние новости