www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финполдун айрым кызматкерлери Садыр Жапаровго кайрылуу жазышты

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жамааты президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул кайрылуу аталган кызматтын Facebook баракчасына чыккан.

Кайрылууда Финансы полициясы Ички иштер министрлигинин алдындагы кызмат болоору тууралуу айтылат.

--“Урматтуу кыргыз калкы, мына бүгүн мамлекетибизде тарыхта биринчи жолу таза шайлоо өтүп, татыктуу президентти шайлап алдык. Ажообуз ак иштеймин деп мамлекеттик кызматтарды оптимизация жасоо жолунда турат. Ошону менен бирге ”Финансы полициясын ИИМне кошулушу мүмкүн” деген сөздөр пайда болду. Эгерде финансы полициясын милицияга кошуп койсо туура эмес болуп калчудай, себеби, финансы полициясы бүгүнкү кундө укук коргоо органдарынын ичинен жалгыз гана өзүн өзү актаган кызмат. Мисалы жылына кызматкерлердин айлыгына жана башка чыгымдарына 300 млн сомдой акча каражаты коротулса, ал эми ар кайсы кылмыштардын бетин ачуу, салыктык жана коррупциялык кылмыштардан келтирилген зыяндарды  кайтарганда финансы полициянын кызматкерлери мамлекетибизге 3 миллиард сомдон көп акча каражатын кайра кайтарышат. Андан сырткары финансы полициясы өз жумушунда эч бир башка кызматты кайталабайт. Финансы полициясы өз алдынча кызмат болушу зарыл. Башка кызматка кошуп койсо милициянын ичинде болуп жаткан кылмыштар билинбей, ичинде кала берүү коркунучу пайда болууда. Анткени карга карганын көзүн чукубайт дегендей, көп кылмыштар көмүскөй болушу мүмкүн. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Кыргызстан боюнча финансы полициясында 300 кызматкер болсо да коррупция менен күрөшүүдө. Мамлекеттин бюджетин толуктоодо финансы полициясынын салымы аябай чоң. Мамлекетибиздин келечеги чечиле турган чоң кадамдардын алдында турганыбызда финансы полициясын туура колдонуп, келечеке чон салымынызды кошосуз деп ишенем!!! Аман болуңуз, Кыргыз Республикасын туңгуюктан алып чыккан Ажо катары тарыхта атыңыз калган инсан болосуз!”,- деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости