www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Флорида штатында болгон "Иэн" бороонунан каза болгондордун саны 100гө жеткенин CNN телеканалы билдирди.

Адамдардын өлүмү 10 райондо катталган. Өлгөндөрдүн эң көп саны – 54 адам – Ли округунда.

Эске салсак, өткөн жумада Флорида штатынын түштүк-батыш жээгин «Иэн» бороону каптаган. Ал массалык кыйроолорго жана суу ташкындарына алып келген. Кырсыктын кесепетинен 2,5 миллиондон ашык керектөөчү электр жарыгысыз калган.

Буга чейин, АКШ бийликтери Флориданы каптаган «Иэн» бороонунун келтирген зыянын баалай баштады, бул өлкөнүн тарыхындагы эң кыйратуучу бороондордун бири болуп калышы мүмкүн, деп билдирген АКШнын президенти Жо Байден.

"Биз Флоридадагы кыйроонун көлөмүн баалай баштадык, бул өлкөнүн тарыхындагы эң жаман окуялардын бири болушу мүмкүн. Биздин жүрөгүбүз бул бороондон улам жапа чеккен адамдар үчүн ооруп жатат. Биз силер мененбиз. Биз дагы канча убакыт талап кылса, силер менен бирге болобуз”,-деп жазган мамлекет башчысы өзүнүн Twitter баракчасына.

Ал эми, Флорида штатынын губернатору Рон Де Сантис бороон-чапкындын зыянын "тарыхый" деп атап, жергиликтүү дарыялардын биринин ташкындоосун беш жүз жылда бир жолу болгон окуя катары белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости