www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунун Татыр айылындагы Flуjump спорт комплексинин ээси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-июль күнү, саат 13:30дар чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылындагы Flуjump спорт комплексинде аскадан секиргени жатканда аркан үзүлүп кетип, 1985-жылы туулган Б.А. каза тапкан.

Окуя Аламүдүн РИИБнин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды.

Чогулган материалдардын жана жабырлануучунун туугандарынын жазган арызынын негизинде кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 28 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп белгилешти милициядан.

Последние новости