www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Бишкектин Ак өргө жаңы конушунда мыйзамсыз, уруксат кагаздары жок күйүүчү-майлоочу майларды сатып жаткан объектини аныкташты. Текшерүү маалында ал жерде эки миң тоннадай бензин чыккан. Бул жайда негизинен кардарларга АИ-92 маркасындагы бензин жана дизель майы сатылчу. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, Ленин райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн.

Учурда Кыргызстанда күйүүчү майларга болгон баа Орто Азия чөлкөмү боюнча эң жогору. Жада калса ЕАЭ Биримдигине кирбеген Тажикстанда бензиндин баасы Кыргызстанга караганда төмөнүрөөк. Анын себебин адистер биздин өлкө аркылуу бензин, дизель оту аткезчилик жол менен Тажикстанга чыгарылып жаткандыгы менен түшүндүрүшөт. Андыктан биздин өлкөдө мындай жашыруун, күйүүчү майды саткан объектилердин иши жүрүп, айдоочулардын, дыйкан-фермерлердин суроо талабына ээ. Себеби ал жердеги баалар, май куюучу бекеттердеги бааларга салыштырмалуу кыйла төмөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости