www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Токио шаарында жолугушуп, анда кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон алгачкы жолугушуусуна жана анын Японияга визит менен келгенине кубанычта экенин белгиледи. Япониядагы жакында болуп өткөн тайфундун кесепетинен адам курмандыктарына байланыштуу жылуу колдоо сөздөрү үчүн да ыраазычылык билдирди.

Парламенттер ортосундагы мамилелер, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу тармактарында Кыргызстан менен өнүгүп жаткан байланыштарды канааттануу менен айтып, Япония жана Кыргызстан адамдын укуктарын коргоо боюнча жалпы баалуулуктарды кармануу менен бирге парламенттик демократиянын өнүгүүсүн колдошконун белгиледи.

Синдзо Абэ көптөгөн багыттар боюнча, анын ичинде жогорку сапаттуу технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков өз кезегинде япон элин Нарухито императорунун такка отурушу менен куттуктап, Кыргызстан Япония менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берээрин белгилеп, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө, өлкөдөгү маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга берип жаткан жардамы үчүн ыраазычылыгын айтып өттү.

Аны менен катар Жээнбеков кичи жана орто ишкердиктеги чоң потенциалды белгилеп, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө кызыктарлыгын билдирди.

Ал япон компанияларынын Кыргызстанда бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга жогорулап бара жаткан кызыгуусун канааттануу менен баса белгилеп, алардын ийгиликтүү ишмердигин белгиледи.

Япониянын премьер-министринин көңүлүн Кыргызстандын гидроэнергетикалык чоң потенциалына бурду. «Бизде кичи гидроэлектростанцияларды курууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүү максатында жакынкы убакта Японияга тиешелүү делегацияны жөнөтүүгө даярбыз», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү жана ВСП+ статусунун ээси катары экспорттук потенциалга ээ экенин, ички инфраструктурасын  жакшыртууга, өзгөчө фитосанитардык лабораторияларды курууга муктаждыгы бардыгын да айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын премьер-министри Синдзо Абэни ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Синдзо Абэ Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга чакыруусун ыраазылык менен кабыл алды.

«Мен сиздердин  өлкөңүздөргө, Кыргызстанга барсам, кубанычта болом», — деп баса белгилеп,  премьер-министр Синдзо Абэ  президент Сооронбай Жээнбековду дагы Японияга визит менен келип кетүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости