www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 22-октябрында Кыргызстандагы эл аралык "Сапат" билим берүү мекемеси Түштүк Кореянын алдыңкы Инха университети (Inha University ) менен билим берүү жаатында кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, эми аталган келишимдин негизинде "Сапаттын" бүтүрүүчүлөрү бул университетте түрдүү стипендиялык программалар менен окуй алышат.

Кыргызстандагы эл аралык "Сапат" билим берүү борбору окуучуларды сапаттуу окутуу боюнча өлкөнүн сап башында турат. Аталган мекемеге караштуу мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кайсы предметтерден жыл сайын республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеп, дүйнөлүк олимпиаларда Кыргыз Республикасынын жүзүн таанытып келет. Бүтүрүүчүлөрү учурда дүйнөнүн баардык булуң-бурчунда окуп, эмгектенишүүдө. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости