www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жума өкмөттөгү жогорку кызматты ээлеп турган жетекчилерге байланыштуу коррупциялык жаңжал менен башталды. Мындай жаңжалга жогорку даражалуу чиновниктер аралашкандыгын "Кактус медиа" порталы жазып чыкты. Андагы маалыматка ылайык, окуянын төркүнү 2018-жылга барып такалат. Ал учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын тергөөчүлөрү Кытайдан мыйзамсыз жол менен ташылып келаткан 80 тонна өрдөк этин кармашат. 

Аталган агенттиктин маалыматы боюнча, андан ары бул этти камактан чыгаруу жана аны алып келаткан ишкер Эмир Эмилкановду жазадан куткаруу убадасы менен өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары Бакыт Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын (Финпол) төрага орун басары Эмил Жамгырчиев 50 миң доллар пара талап кылышкан. 

Бул макала жарыкка чыгары менен коомчулукта талкуу жаратып, өкмөт жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы жооп кайтарды. Окуядан соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду кызматтан четтетти. Өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси мындай чечимди "Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүшү керек деп эсептейт", -деп түшүндүрдү.

Ал эми финансы полициясы болсо басма сөз кызматы аркылуу арыз ээсинин айткандарын жокко чыгарууда. Көрсө, алар мындай "майда" иштер менен алектенбейт имиш. Бул окуяны азыр Улуттук коопсуздук комитети тергеп жатат. Андыктан, жакын арада аталган чиновниктердин ак же көк экендигин тастыктаган бүтүм чыгып калаар. Эмнеси болсо да бул окуя өкмөт башчынын дарегине көлөкө түшүрүп койду окшойт. Себеби өрдөк "мафиясына" ал өзү аралашпаса да, ишенген кадрлары илинип жатпайбы, -деп "Майдан kg" гезити жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости