www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз ырчыларынан эң алгачкы болуп Кремлде “дың бузган” сыймыктуу ырчы кызыбыз, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын 23-октябрда Москва шаарында, тагыраагы, Кремль сарайында өткөргөн жеке концерти жогорку деңгээлде аншлаг менен ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу соцтармактарга жарыяланган фото-видеолор далил болууда.

Андагы маалыматтарга ылайык, концерттик зал 6 миң орундуу жана Каримованын концертине дээрлик баардык орундар толгон. Ырчыны кубаттап, ырларын угуп чер жазуу үчүн бир гана Москва эмес, Россиянын башка аймактарынан да көрүүчүлөр агылып барышкан.

Куттуктайбыз! Ар бир кыргыздын ийгилиги – ар бирибиздин ийгилигибиз!

Төмөндө Мырза Добутовдун тарткан айрым видеодалилдерди беребиз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости