www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоо алдында бийлик партиясы түзүлөт, бул КСДПны кошпогондо кыргыз элине адат болуп калган. КСДП 1993-жылдын октябрында Жумабек Ибраимов, Абдыганы Эркебаев тарабынан Аскар Акаевге “кол бала” партия катары түзүлгөн. Ал эми Акаевдин үй-бүлөсү түзгөн “Алга, Кыргызстан” 2005-жылдагы парламенттик шайлоо алдында  бир ай калганда түзүлсө, Бакиевдин “Ак Жол” партиясы да 2007-жылдагы парламенттик шайлоо алдында түзүлгөн.

Жаңы түзүлгөн партия “Биримдик” шайлоого туура бир жыл калганда түзүлгөнү турат. Анткени, жакында эле БШК төрайымы Шайлдабекова президент Жээнбеков менен жолугушкан убакта парламенттик шайлоо 2020-жылдын октябрына белгиленип жатканын айткан. Демек парламенттик шайлоого бир жыл калды, ал эми бул “Биримдик” партиясы кыргыз элин биримдикке жеткиреби?

Конституция боюнча президент бир гана партияныкы эмес, жалпы элдики. Арийне, Атамбаевдин бийлиги учурунда КСДП партиясы, анын жеке кийлигишүүсү менен, депутаттардын тизмеси түзүлгөн. Мурун канча адам болсо да чек жок болгон. Жаңы Башмыйзам боюнча парламенттен добуш алган учурда 60 адамдан же 50 пайыздан өтпөш керек. Ошол үчүн Атамбаев КСДПдан тышкары “кол бала” партия кылып 2011-жылы президенттик шайлоодо өзүнө добуш алып берген Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулаймановко партия түзүп берген. Андан тышкары өзү ошол кезде эле баары бир “кидать” этип кетет деген Канат Исаев менен Каныбек Иманалиевге “Кыргызстан” партиясын түзүп берет. Каныбек Иманалиев бул партияга батпай “Ата-Мекенге” ооп кеткен. Көзү ачык Атамбаев айткандай, экөө тең Атамбаевди жоготууда чоң роль ойноп беришкен, көрсө Атамбаев мындай болорун мурун эле билиптир. Албетте, булардын тизмесин түзүүдө Атамбаев ар бир талапкерге кунт кое үңүлгөн.

Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү президент, Конституция боюнча партия түзүүгө, партияга кирүүгө мыйзам жол бербейт. Бирок, жалгыз калмак беле, анын саясатын колдогон партия болушу керек. Төрөбай Зулпукаров түзүүгө умтулуп жаткан “Биримдик” партиясы азыркы бийликтин позициясын колдой турган партия болот болуш керек. Ал эми буга чейин бийликте манчыркап турган КСДПнын иши ушул парламенттик шайлоодо толук бүтүшү мүмкүн.

 “Биримдик” партиясы мурун болду беле? ЮНЕСКОго кыргыздын тарыхий мурастарын каттатып жүргөн, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында  «Биримдик - Единство» деген партия түзгөн. Анын кыргыз үчүн жасаган эмгектерин чийип салышып, ошол кездеги бийлик  жалган жалаалар менен кылмыш иштерин даярдашкан. Азыр ар бир депутаттын менчик партиясы бар эмеспи, депутат Айнуру Алтыбаева да “Биримдик” партиясын түзгөн имиш.

Деги, “Биримдик” деген атты алабы, же башкабы ушул күзүндө бийликтин партиясы төрөлөт деп саресеп салганыбыз туура чыкты. Ал эми анын башында Төрөбай Зулпукаров болот деген жайында айткан божомолубуз да туура чыкчудай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости