www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Аталган мыйзам долбоорун Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова жалпы жыйынга алып чыккан.

Андагы маалыматтарга ылайык, башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак берүү боюнча иш-чаралар өзүнүн актуалдуулугун жана зарылдыгын көрсөттү. Бирок, бул жүрүм мыйзам түрүндө бекитилген эмес. Буга байланыштуу аталган мыйзам долбоору мектептердеги башталгыч класстарга (1-4) ысык тамак берүүнү уюштурууну мыйзамдуу түрдө бекитүү максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 2265 мектептин 1371инде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Республикалык бюджеттен ар бир бала үчүн 7 сом (кадимки райондор үчүн), ал эми алыскы райондордогу ар бир окуучуга 10 сомдон бөлүү каралган.

Талкууда депутаттар ысык тамак даярдоого керектелген айыл чарба өнүмдөрүнүн сапаты ким тарабынан көзөмөлдөнөөрүн такташты. Ошондой эле эл өкүлдөрү, айрыкча, дотацияда отурган айыл өкмөттөрүндө ысык тамак берүүдө ашканалардын талапка жооп бербеген абалда тургандыгын айтып, Билим берүү, илим министрлигин ушул багытта иш алпарууга чакырышты.

Талкуу жараткан маселе ысык тамак даярдоодо керектелүүчү азык-түлүктөрдү өндүрүү үчүн айыл өкмөттөрдөн жер тилкесинин суралышы бир катар кайчы пикирлерди жаратты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости