www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрү катышты.

Тараптар Жогорку Евразиялык экономикалык комиссиясынын жакында өтө турган жыйынын күн тартибин талкуулап, андан тышкары жалпы Евразиялык интеграцияны өнүктүрүү маселелерине токтолушту.  

Өз кезегинде Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович: "Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз Республикасы менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда",- деп белгилеп, Евразиялык интеграция маселесине жакындан көңүл бургандыгы үчүн Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди.  

Ал эми Талант Мамытов чечимдерди кабыл алуу тартибин аныктоо, анын ичинен КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык байланышын пайдалануу зарылчылыгына токтолду. Муну менен катар кыргыз тарап биримдиктин тышкы соода-экономикалык алакаларын арттырууга, ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы соода тоскоолдуктарын алуу аркылуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендигин кошумчалады. Ошондой эле, Төрага үчүнчү өлкөлөр менен эл аралык кызматташтыкты калыптандыруу боюнча биримдиктин ишмердүүлүгү ЕАЭБ ичиндеги бардык тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү алуу менен ишке ашырылышы керектигин белгиледи.    

"Евразия биримдигинин ичиндеги соода байланыштарынын карама-каршылыктарын жойбой туруп, башка өлкөлөр менен кызматташтыкты калыптандыруу, товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн базарларды ачууну камсыздоо мүмкүн эмес",- деди Талант Мамытов.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости