www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыр Текебаевден улам чыккандай, Эдил Байсалов учурунда АШАнын ашмалтайын чыгарып жүрчү, Жээнбеков президент болоор менен Англия тарапта «жем» ыргытып койду эле, желпинген бойдон жетип «жентельменге» айланып, өзүнө нике да кыйып жиберген. Батыштын тарбиясын катуу сиңирип алган окшойт, азыр интернетте батышчылар сөгүнүп жатса, Эдикең Конституциялык жыйында өзүн-өзү кармай албай «дипломатиялык мамиле» менен сакалдуу адамды «Атаңдын башы...» деп урушууга барды. Кыргыздар качан аксакал адамдарга катуу айтчу эле? Же Улуу Британиядагы элчибиз жаман айта берсе болобу? Бул окуя «Конституциялык системанын негиздери» бөлүмүнүн отурумунда болгон. Аксакал жана Эдил Байсаловдун ортосунда чыр чыккан.
Негизги Мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштарын айтуу үчүн Нарын шаарынан келген пенсионер Шарабидин Эрмеков Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсаловду сынга алды.
Анын пикиринде, элчинин Конституциянын жаңы редакциясына өзгөртүү киргизүүгө укугу жок. «Байсалов, сен эмне үчүн бул жерде отурасың? Сен Текебаевдин адамысың, ошого бар!» - деп кыйкырды.
Байсалов буга чыдай албай, Шарабидин Эрмековго орой жооп берген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg