www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт мамлекеттик бюджетинин эсебинен 100 миң сомго чейин насыя алгандардын үстөк пайызын төлөп берерин билдирген. Финансы министрлиги билдиргендей, бул үчүн атайын 1.2 млрд сом бөлүнгөн. 

Белгилей кетсек, 100 миң сомго чейин насыя алган бардык кыргызстандыктарга тең жардам берилбейт. Финансы министрлиги 248 финансы-насыя уюмдары менен бирге пайыздарды субсидиялоо боюнча макулдашууну жүргүзөт.  Кыргызстанда 100 миң сомго чейин 673 насыя берилген. Бирок, жардам финансы-насыя уюмдары тарабынан сунушталган гана жарандарга көрсөтүлөт. 

Маалым болгондой, 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь, февраль айындагы үстөк пайыздар төлөнүп берилет. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости