www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз чиновниктердин, коррупционерлердин армиясын түзүп алып, ошол саздан чыга албай жүрөбүз. Мындай пикирди юридика илимдеринин доктору, профессор Турдукан Жумабекова NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын учурдагы саясий абалы тууралуу маек куруп жатып билдирди.

--“Кыргызстан суверендүү мамлекет болгондон бери эл өзүбүздүн тагдырыбызды өзүбүз жакшы жолго койо албай келебиз. Мына жаңы төрөлгөн таза баладай, таптап багып, чоңойткондой чиновниктердин, коррупционерлердин армиясын түзүп, чоңойтуп алдык. Ошол уюп калган саздан чыга албай убарабыз. Бул биздин катабыз. Ушул биздин өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң тоскоолдук кылат. Элибиздин, мамлекеттин тагдыры менен ойногобуздун жообу. Канткенде муну кантип ордуна келтиребиз?- деген суроо жаралат. Албетте, бүткүл жоопкерчиликти бир адамга берүү зарыл. Себеп дегенде ар ким чоң болуп, чачкынды болуп келебиз. Жарандарыбыздын бакубат жашоосу үчүн, элдин, улуттун кызыкчылыгы үчүн жана стратегияны ал адамга тапшырып, жооп бергидей кылышыбыз керек. Мисалы, Америкада бийлик өкүлү карапайым элдей эле мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Мына ошондой ыкма Кыргызстанда болсо, жемкорлук же кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызыкчылыктар азаймак. Ал эми Кытайда чоң кызматка барган адамдын жакындары бизнес менен алектенүүгө тыюу салынат. Болбосо ошол чөйрөдө агент же кеңешчи болууга дагы болбойт. Мына ушул чоң өлкөлөрдөн үлгү алсак өнүгөбүз. Советтер союзу кулагандан кийин Кыргызстан да башка мамлекеттер менен катар саясий эгемендүүлүккө жетишти.Чейрек кылым аралыгында өлкөбүз эркиндикке жеткен суверендүү эл катары, дүйнө жүзүнө Кыргызстан деген ажайып мамлекет бар экендигин таанытып, чыйралттык. Андыктан эми өнүгүү жолуна гана түшүү абзел,”-дейт Турдукан Жумабекова.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости