www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү нарколог-психиатр Жеңишбек Назаралиев казынаны кантип толтуруунун жолун Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Өткөөл мезгилдин президентти Роза Отунбаева өкмөттү коркутуп жатат. Анын айтымында бюджеттин 20 пайызы эл аралык донорлордон жана БУУдан келген гранттардан турат. Эгер алар айткан мыйзам менен жашабасак, анда бул каражаттардан куру-жалак калат экенбиз.
Кредиторлор менен донорлордун алдында тизелеп, кол сунуп, кемсинип тургандан өткөн жаман нерсе жок.
Эгер эл аралык уюмдардын биздин аймакта кандайдыр бир кызыкчылыгы болсо, баары бир сүйлөшүүгө келишет. Ошондуктан, биз кырдаалдан эле чыгып кетүүнүн жолун издебей, өзүбүзгө көбүрөөк ишенип, каржы булактарын табышыбыз керек», - дейт Назаралиев.
Жеңишбек Назаралиевдин айтымында, өлкөнүн көз карандысыздыгын сактап калуу үчүн бир айга эле эмес, жакынкы эки жылга каражат табышыбыз керек.
«Каражатты мыйзамсыз байыган мамлекеттик чиновниктерден сыгып алыш керек. Бүгүнкү күндөгүлөрдөн гана эмес, Аскар Акаевдин мезгилинен бери мамлекетти тоноп келе жаткан чиновниктерди кармаш керек. Алардын саны бир нече миң. 70-100 миң долларлык машинелер менен жүрүшөт. Ак сарайларда жашашат. Компанияларды «приватташтырып» алышкан. Эгер алардын ар биринен 1 млн доллардан алса, 1-2 млрд сом чогулат», - деп жазат Назаралиев.
Булак: NazarNews.kg