www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өттү.

Салтанаттуу концерт «Жаштык» аренасынын имаратында уюштурулуп, ага шаардын бардык райондорунан келген 5000ге жакын аял катышты.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, ардактуу коноктор, ошондой эле борбор калаанын коомдук турмушунун ар кыл тармактарында эмгектенген айымдар катышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев айымдарды куттуктап,    бардык аялзатын 8-Март майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлөрүнө ынтымак жана  ийгиликтерди каалады.

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 1,5 миллиондон ашуун адам жашайт, алардын жарымынан көбү – аялдар. Бул сиздер биздин шаардын мүнөзүн, маанайын жана келечегин аныктоодо чоң роль ойнойсуздар дегенди билдирет.

Бишкектин аялдары шаардык турмуштун бардык тармагында өздөрүн көрсөтүп келишет. Сиздер балдарды тарбиялап, билим берүүнү, илимди, маданиятты, спортту, ишкердикти жана коомдук турмушту өнүктүрүп жатасыздар.

Сиздер баалуулуктарды калыптандырып, билимди муундан муунга өткөрүп, үй-бүлөлөрдү бекемдеп, ишеним менен камкордуктун атмосферасын түзөсүздөр», – деп белгиледи шаар мэри.

Ошондой эле калаа башчысы «Бишкек жашыл курулуш» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкер айымдарынын эмгегин өзгөчө белгилеп, борбор калааны көрктөндүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Майрамдык программада классикалык чыгармалар, заманбап композициялар, белгилүү аткаруучулар жана чыгармачыл жамааттар катышкан концерт тартууланды. Иш-чара аялдардын коомдун, шаардын жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымына болгон урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын белгиси болду.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык айымдарды 8-Март – Аялдардын Эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!  Сиздерге бекем ден соолук,  бакыт жана бакубатчылык каалайбыз. Ар бир күнүңүздөр кубаныч, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана жаркын келечекке болгон ишеним алып келсин!

Последние новости