www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Нарын облусунун Ак-Кудук айылында күн электр станциясын куруу боюнча Турукташтыруу режимине кол койду.

Иш-чарага агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов, "Солар Системс" жана "АСТ Империал" компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Долбоор Кочкор районундагы Ак-Кудук айылында күн электр станциясын курууну карайт. Станциянын кубаттуулугу 325 МВтты түзүп, алдын ала инвестициянын көлөмү 200 миллион АКШ долларына бааланууда.

Бул режим долбоорду ишке ашыруу мезгилинде инвесторлор үчүн укуктук жана экономикалык шарттардын өзгөрүүсүз калышына кепилдик берет. Бул кадам тобокелдиктерди азайтып, ири капиталдын коопсуздугун камсыздайт.

Өлкө үчүн мааниси:

Кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшү артып, таза энергияга өтүү тездейт.

Нарын облусуна ири капитал келип, аймактын социалдык-экономикалык абалы жакшырат.

Станцияны куруу жана аны иштетүү этаптарында жергиликтүү калк үчүн жаңы иш орундары түзүлөт.

 

Последние новости