www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор районундагы «Чолпон» кинотеатрынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу маданият министрлиги NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Салтанаттуу ачылышка КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана облустук, райондук бийлик өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, кинотеатр 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп баштаган.

Имаратын оңдоп-түзөө үчүн республикалык бюджеттен 15 млн. сом которулган. Бул каражатка кинотеатрдын сырткы жана ички жасалгалоосу азыркы убакытын талаптарына жооп берген материалдарды колдонуу аркылуу чоң 300 орундуу жана кичи 33 орундуу зал (3D) жасалып, жаңы жылытуу, жарык берүү системалары, заманбап техника жана жаңы креслолор орнотулду.

Нарын областынын Кочкор районундагы «Чолпон» кинотеатры 400 орундуу бир залы менен 1966-жылы ишке киргизилген.  Ишке киргизилген убакыттан тартып оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

Эске салсак, 2012-жылы Маданият жана маалымат, туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин карамагына алынган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости