www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы менен 60 жаштан жогору курактагы адамдарды эмдөөгө уруксат берди.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирди. Министрдин бекемдешинче, Орусияда аталган вакцина менен кеңири масштабда эмдөө башталды.

Тобокел тобундагы адамдарды эмдөө Москва шаарында 5-декабрдан тарта башталган. Саламаттык сактоо министрлиги жыл аягына чейин өлкөнүн аймактарына 500 миңден ашуун вакцина жибериле турганын маалымдаган. Дагы 300 миң доза Аргентинага жиберилген. Ошол эле учурда калкты коронавируска каршы эмдөө АКШ менен Британияга караганда он эселеп жай жүрүп жатканы кабарланууда. Орусияда күн сайын бир нече миң адам гана эмделүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда күн сайын 29 миңден ашуун адам коронавирус жугузуп алууда. 26-декабрга карата жалпы 3,2 млн. адам илдетке чалдыкканы кабарланды. 140 миңден ашуун адам илдеттен көз жумду.

Мурдараак орус президенти Владимир Путин "Спутник V" вакцинасы алууга жаш өзгөчөлүгүнөн улам даяр эместигин билдирген.

Владимир Путин 17-декабрдагы маалымат жыйынында "Адистердин айтуусунда азыр эмдөөгө киргизилген вакциналар жаштарга ылайыкташтырылган. Азырынча, менин курагымдагыларга вакцина жете элек. Бирок мүмкүнчүлүк болору менен эмдөөдөн өтөм”, - деп айткан.

Эл аралык илимий коомчулук "Спутник V" вакцинасынын сыноо мөөнөтү аягына чыга электигин, илимий коомчулукта бул вакцинага байланыштуу суроолор көп экени айтылып келет.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости