www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда “Матраимов Исмаил” атындагы фонду уюштурган жыл сайын өтүүчү волейбол жана футбол оюндары боюнча мелдеш өттү.  

Аталган мелдешке аттуу-баштуулар калбай барды. Эми атактуу Матраимовдор уюштурган турнирге барган конокторду көз жүгүртүп кынап, сүрөттөрдү сүйлөтүп баштайлы.

Алгач айтылуу даңкы далайга кеткен, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин оозунан күнү–түнү түшпөгөн Райымбек Матраимов, агасы Искендер Матраимовдун кол чаап турганын, алардын жанында Жалал-Абад облусунун губернатору,  түспөлү Тимучинге окшогон, кыялданкеч Кыянбек Сатыбалдиев, “Матраимовдор эмнеге кол чаап жатат” дегендей таң калып карап турган сүрөтүн көрүүгө болот.

Андан кийин эле Матраимовдор ак сакалын жайкалтка төшү толо орденге толгон аталарыбызды төргө олтургузуп койгон сүрөткө күбө болобуз.

Үчүнчү сүрөттө анча-мынча саясаттан кеп жебеген, бирде бийликке колун кезеп, бирде тишин кычыраткан жаш, өрт депутат Жанар Акаев.  Андан эле Райымбек Матраимовдун артында, кара очкини баса кийип, мурутун чыкыйтып ЖК депутаты Улан Примов олтурат. Сүрөткө караганда маанай “5”.

Кийинки кезектеги сүрөткө өтө турган болсок, “дадага болоюндар ий-иий” аттуу-баштуу мамлекеттик кызматкерлер... пай-пай-пай...

Мына сага... эми четтен баштайлы, дагы эле баягы губернатор Кыянбек Сатыбалдиев, ЖК депутаты Улан Примов, уран маселесинен кутулуп араң "стресстен" чыккан, болпойгон-болтойгон Кубатбек Боронов, калпакты башынан түшүрбөгөн, кыргыз десе жата калган ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов,  Жогорку Кеңеш “моюнча” депутаттардын “шефи” Дастан Жумабеков жүрөт. Ары жакта токчулуктун “эмблемасындай” болгон Тынчтыкбек Шайназаровду да ушул жерден тапсаңар болот.

Анан дагы Өмүрбек Бабановдун оң колу жана кеңешчиси, Райымбек мырза калпак кийгизгенби айтор, калпакты баса кийип, бактылуу көз караш менен олтурган депутат Руслан Казакпаев, анын жанында айтылуу Үсөн Сыдыковдун уулу, орто бойлуу, терең ойлуу, сакадай бою сары алтын Бакыт Сыдыков телефондо “гаплашкандай”.

Катардагылардын арасында “айың менен күңүңдүн, бир өзүнөн бүткөндөй, асман менен жериңдин тирөөчүнөн бүткөндөй” болуп, эл 30 жылда ала албаган “Эл агартуунун отличинигин” дене тарбия сабагы  менен эки жылда алган, жанагычы “гомо-гомо-гомсекслю” депутат Тазабек Икрамов кабакты чытып, каадалуу кишидей мелдешти чын жүрөктөн көрүп жатканын байкоого болот.

Депутат Икрамовдун жанынан Жогорку Кеңештин балапан депутаты Марлен Маматалиев, арасынан апасы жапкан нанды сагынып ырдаган, атактуу опера ырчысы Керим Турапов, кыз-келиндерди көргөндө кылыктанган депутат Алмамбет Шыкмаматов, кара очкини баса кийип, элден өзгөчөлөнгөн, чет өлкөдө жүрүп стил боюнча эч кимди алдына салдырбаган, койкойгон Нариман Түлеевди көрүүгө болот.

Андан сырткары ошол эле сүрөттөрдүн арасынан жакында эле тай казандын ичине түшүп калып араң чыккан, кабагын бүркүп, катыра телефон чукуп жаткан Канат Исаевди, акырын жай басып, анча-мынчага сыр бербеген Мирлан Бакиров дагы бар экен эй.

Суроо берсең, бирде уурданып, бирде кабак чытымыш болуп караган депутат Аалы Карашев да жүрөт “прикин”... Алардын артында ИИМдин үлкөндөрүнүн бири Данияр Абдыкаров, Жогорку Кеңештин төрүнөн бат эле топ этип түшүп калган Нурбек Алымбеков,  Кыргызстанда калың калк арасында зор кадыр-баркка ээ, “эркекче” эркин мамиле кылган Элмурза Сатыбалдиев, карышкыр мүнөз, кабагында төрт мезгилдин сыры бар Жогорку Кеңештин V–чакырылышыны төрагасы Акматбек Келдибековду трибунадан сүйлөп турган сүрөтүнө көз түштү.

Ошо, ошентип Райымбек Матраимов тууралуу көпчүлүк калк арасында ар түрдүү сөздөрдү айтып келгени менен бүгүн, Матраимовдордун үйүндө аттуу-баштуулар конок болуп барышып, аткаминерлердин арасында чоң сый-урматка ээ экендиги байкалып калды.

Эмнеси болсо дагы бүгүнкү барган коноктор Матраимовдорго түбөлүккө дос болуп, калпактары башынан, камчылары колунан түшпөсүн. Мелдешке барган аттуу-баштуу коноктор, Матраимовдорду кандай сүйсө, Кыргызстанды да ошондой сүйсүн омийин!

Баса, аталган ардактуу мелдеште ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров менен Молдомуса Конгантиев көрүнбөйт... Унутта калып кетпедиби ыя?  

Эске сала кетсек, Кара-Суу районунда “Матраимов Исмаил” атындагы фонду уюштурган жыл сайын өтүүчү волейбол жана футбол оюндары боюнча мелдеш Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына жана Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган. Аталган мелдешке жалпысынан 50дөн ашуун эл өкүлү барган. 

Булак: NazarNews.kg

Сүрөттөр "кабарлар" сайтынан алынды

Последние новости